Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:06

Толкунбек Абдыгулов кайрадан Улуттук банктын төрагалыгына көрсөтүлдү


Толкунбек Абдыгулов.
Толкунбек Абдыгулов.

Улуттук банкты башкарууга кайрадан Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Мамлекет башчынын сунушунун негизинде Абдыгуловдун талакерлиги бүгүн Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат бөлүмүндө каралат. Бул тууралуу комитеттин төрагасынын орун басары Абдумажит Юсуров "Азаттык" радиосуна билдирди.

Толкунбек Абдыгулов азыр вице-премьер-министр кызматын аркалайт. 2014-жылдан 2017-жылдын августуна чейин Улуттук банкты жетектеген. Андан кийин Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Кулматов дайындалып, быйыл 11-декабрда Бажы кызматына башчы болуп кеткен. (SE)

.

XS
SM
MD
LG