Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

Өкмөт жөлөкпул боюнча мыйзамдын мөөнөтүн жылдырууну сунуш кылууда


Нарындагы нааразылык акциясы. 13-декабрь, 2017-жыл.
Нарындагы нааразылык акциясы. 13-декабрь, 2017-жыл.

Өкмөт 2018-жылдын 1-январында күчүнө кирчү “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамдын мөөнөтүн үч айга жылдырууну сунуш кылууда. Буга байланыштуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү. Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, мөөнөттү артка жылдыруу боюнча сунушка бала төрөлгөндө бир жолу берилүүчү “сүйүнчү” төлөө жобосу кирбейт.

Мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча, 3-16 жашка чейинки үч, же андан ашуун балдары бар үй-бүлөлөр ай сайын жөлөкпул алат, бул учурда жөлөкпул үчүнчү жана андан кийинки балдарга төлөнөт. Бул мыйзам 1-январдан баштап күчүнө кирмек.

Буга чейин Нарын облусунда үч жаштан өткөн балдардан жөлөкпул алуу тартибине нааразы болуп айрым тургундар акцияга чыгышкан.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, парламент депутаты Аида Касымалиева буга чейин "Азаттыкка" жаңы төрөлгөндө бардык балдарга 4 миң сом сүйүнчү, үч жашка чейин балдар ай сайын 700 сом, үчтөн көп баласы бар үй-бүлөдөгү балдарга 16 жашка чейин айына 500 сомдон жөлөкпул чегерилип жатканын айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG