Линктер

шейшемби, 11-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 12:49

"Мегаком" боюнча эл аралык консалтинг компаниялары менен кеңешүү жүрүп жатат


Кыргыз өкмөтү "Мегаком" соода маркасы менен белгилүү “Альфа телеком” компаниясын сатуу боюнча эл аралык консалтинг компаниялары менен кеңешип жатат. Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев билдирди:

- "Мегакомду" сатууда эки негизги шарт бар. Биринчиси - баары мыйзам чегинде жасалат, экинчиси - ар бир кадамыбызды коомчулукка, Жогорку Кеңешке ачык-айкын жеткирип турабыз. Бүгункү күндө сүйлөшүүлөр журүп жатат, ошондуктан так маалымат жок.

Зилалиев кайсы компаниялар менен кеңешүү жүрүп жатканын ачык айткан жок.

Өкмөт "Альфа Телекомду" алгач 2015-жылы сатыкка чыгарган. Андан бери үч жолу сынак жарыяланып, кызыккан инвестор чыкпагандыктан сатылган эмес. Акыры быйыл компаниянын баасы 13 миллиард 500 миллион сомго чейин төмөндөтүлүп, түз сатуу боюнча чечим кабыл алынган. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG