Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Шыкмаматов 5 млн. сом айыпка жыгылып, Иманалиев 10 жылга кесилди


Алмамбет Шыкмаматов "Азаттык" радиосунун студиясында. 2013-жыл.
Алмамбет Шыкмаматов "Азаттык" радиосунун студиясында. 2013-жыл.

Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов мамлекеттин пайдасына 5 млн. сом айып төлөөгө милдеттендирилет. Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн, 19-декабрда ушундай чечим чыгарды. Ал эми Германиянын жараны "Барат-Юкс" ишканасынын жетекчиси Али Юксел кылмыш жазасынын мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду. Экөө тең эркиндикте калды. Ал эми мурдагы депутат Жусуп Иманалиевди сот 10 жылга эркинен ажыратты.

Алмамбет Шыкмаматовдун коомдук коргоочусу Канат Хасанов сот чечимине нааразы экендигин, бул иште Шыкмаматовдун күнөөсү жок экенин белгилеп, жогорку сот инстанциясына кайрылышарын билдирди. Адвокат соттук териштирүүдө Шыкмаматовго коюлган айып далилденген жок деп эсептейт.

Буга чейин соттогу акыркы сөзүндө Алмамбет Шыкмаматов өзүнө козголгон кылмыш иши саясий негизде экенин айтып, буга чейинки бийликтер да оппоненттерине каршы кадамдарды жасашканын билдирди. Ал мурунку бийликтин тушунда саясий куугунтукка кабылгандардын арасында экс-президент Алмазбек Атамбаев да болгонун эске салды. Шыкмаматов саясий оппоненттерди кысмакка алгандар кийин өздөрү уят болушканын кошумчалады.

Отурумда Шыкмаматовдун ишине тиешеси бар экени айтылган башка айыпталуучулар да акыркы сөзүн сүйлөп, анын күнөөсүз экенин белгилешти.

Прокуратура Шыкмаматовду сегиз жылга камап, мүлкүн конфискациялоону сураган.

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен алынган материалдардын негизинде Алмамбет Шыкмаматовго, Эсеп палатасынын мурдагы аудитору, экс-депутат Жусуп Иманалиевге жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге быйыл 17-февралда Кылмыш кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") боюнча иш козгогон.

Тергөөнүн маалыматында "2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын-ала сүйлөшүп өз аялына таандык "Мерседес-Бенц" Е320 автоунаасын 14 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашканы" айтылат. Германиянын жараны Али Юксел жетектеген "Барат Юкс" ишканасы Эсеп палатасына кызматтык унаа сатуу үчүн тендерге катышкан. (ZKo/SE)

XS
SM
MD
LG