Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:25

Таласта калайман мушташта бир окуучу каза болду


Талас.
Талас.

Таласта мектеп окуучуларынын калайман мушташында каза тапкан өспүрүмдүн өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси ("Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү") боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева “Азаттыкка” кабарлады:

- Тергөө уланып жатат. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Өспүрүмдөр пикир келишпестиктен улам Покровка айылынын түштүк тарабындагы талаага чыгып мушташкан. Шектүү катары 9-класстын окуучусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүнкү күндө соттун чечими менен үй камагына алынды.

Маалыматка караганда, 13-декабрга караган түнү Манас районунун Покровка айыл аймагына караштуу Бала-Саруу жана Покровка орто мектептеринин жогорку класстарынын окуучулары мушташкан. Жаңжалда баласаруулук 17 жаштагы Али Жандар уулу башынан оор жараат алып, ооруканада каза болгон. Маркум Бала-Саруу айылына чоң ата, чоң энесин көргөнү барганы маалым болду.

Окуяга Покровка орто мектебинен 40тан ашык окуучу, Бала-Саруудан 30дай өспүрүм катышканын күбөлөр билдиришти.

Ушуну менен бир жума ичинде эле Таласта үч өспүрүм каза тапты. Алардын экөө өз жанын кыйган болчу. (AlS)

XS
SM
MD
LG