Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Кадыров Мирзиёевди "ислам дүйнөсүнүн улуу ишмери" деп атады


Рамзан Кадыров.
Рамзан Кадыров.

Орусиянын курамындагы Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров Өзбекстанда Ислам академиясы ачылганын кубаттап, өзбек президенти Шавкат Мирзиёевди “ислам дүйнөсүнүн улуу саясий ишмери” деп атады.

Ал өзбек бийлигинин академия тууралуу чечими ислам дүйнөсү үчүн мааниси чоң экенин белгилеп, Өзбекстандын лидери менен тааныш экенине кубанганын жекшемби күнү “Инстаграм” баракчасына жазды. “Анда ислам цивилизациясынын эстеликтерин сактоого өзгөчө көңүл буруу ниети бар экенин сездим”, - деди Кадыров.

Президент Шавкат Мирзиёев 15-декабрда Өзбекстанда Ислам академиясын түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

Чечен лидери Кадыров быйыл октябрь айында Өзбекстанга барып келген. Ноябрь айында өзбек президентинин күйөө баласы Ойбек Турсунов менен сүрөтүн Интернетке жарыялап, аны “досум” деп атаган.

XS
SM
MD
LG