Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 08:41

Орусия: Норвегиянын жараны тыңчылык боюнча камалды


Норвегиянын жараны Фроде Берг.

Москвада Норвегиянын жараны Фроде Берг тыңчылыкка шектүү катары кармалып, аны эки айга тергөө абагына камоо тууралуу сот чечими чыкты. Бул тууралуу Лефортов райондук сотунун басма сөз катчысы Екатерина Краснова 19-декабрда кабарлады. Маалыматка ылайык, бул адамды кармоого камактагы орус жаранынан алынган жашыруун документтер негиз болгон.

Фроде Берг 6-декабрда чыккан сот чечими боюнча жогорку инстанцияга арызданганы кабарланганы менен ал арыз качан каралаары белгисиз.

Орусиянын маалымат каражаттары Норвегиянын жараны Орусиянын деңиз флоту тууралуу жашыруун маалыматтарды алып жатканда кармалганын, ал бул документтерди Норвегия менен АКШнын чалгын кызматтарына берүүнү көздөгөнүн кабарлашты.

Норвегиянын медиасы билдиргендей, 62 жаштагы Берг мурда чек ара инспектору болуп иштеген. Учурда ага Норвегиянын Тышкы иштер министрлиги жардам көрсөтүүнүн үстүндө иштеп жатканы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG