Линктер

ишемби, 26-май, 2018 Бишкек убактысы 04:45

"Фергана.ру" агенттиги кыргыз өкмөтүнө жооп кайтарып, журналист Элнура Алканова жүргүзгөн иликтөөнүн кайсы жерин төгүнгө чыгаруу зарыл экенин түшүндүрүп берүүнү сурады.

19-декабрда агенттиктин билдирүүсүндө айтылгандай, өкмөттүн басма сөз кызматы журналисттин иликтөөсүндө төгүнгө чыгара турган маалыматтарды так көрсөткөн эмес.

Ошондой эле басылма "Фергана.ру" сайты Кыргызстанда тосмолонгонун белгилеп, өкмөт талап кылган "кечирим суроону" коомчулук көрүшү үчүн ушул маселени да чечиш керек экенин кошумчалаган.

Кыргыз өкмөтү мурдараак "Фергана.ру" агенттигине жана журналист Элнура Алкановага кайрылып, "Идеал Хаус" шаарчасына байланыштуу иликтөөнү төгүндөөнү жана коомчулук алдында кечирим суроону талап кылган.

Быйыл күздө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттеж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылганы айтылган. Аукционду коомчулукка белгисиз "ВостокТехКомплект" компаниясы уткан.

Бул боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мыйзамсыз иштер бар экенин, ага өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашканын жазган. Андан соң премьер-министр чуулгандуу "Идеал хаус" шаарчасына байланышкан видеороликти жана андагы маалыматтарды териштирүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылган.

Башкы прокуратура 18-декабрда маалымат таратып, Сапар Исаковго байланыштуу маалыматтар далилденбегенин билдирген. Бирок аукциондун мыйзамдуулугун аныктоо боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Журналист иликтөөнү далилдер менен жасаганын айтып жатат.

Кеңсеси Москвада жайгашкан "Фергана.ру" сайты Кыргызстанда 2012-жылы жабылган. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG