Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

АКШнын вице-президенти Жакынкы Чыгышка кийинчерээк бармак болду


АКШнын вице-президенти Майк Пенс.
АКШнын вице-президенти Майк Пенс.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс бул аптага белгиленген Египет менен Израилге иш сапарларын кийинкиге жылдырды. Анын кеңсеси учурда Пенс салык реформасы боюнча маанилүү мыйзамга Сенатта жетиштүү добуш топтоонун үстүндө иштеп жатканын, бул жагдай иш сапарын жылдырууга себеп болгонун кабарлады.

Пенстин бул иш сапары президент Доналд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбору катары тааныган чечими Жакынкы Чыгыштын көпчүлүк аймактарында нааразылык жаратып жаткан мезгилге туш келип жаткан. Ак үйдүн мындай чечиминен кийин Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас, Египеттеги мусулман жана копт христиандарынын башчылары Пенс менен жолугуудан баш тартышкан.

18-декабрда АКШ президент Доналд Трамптын Иерусалим боюнча чечимин четке каккан БУУнун резолюция долбооруна вето койду. Бул документти Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин калган 14 мүчөсүнүн баары колдогон эле.

Эми АКШ вице-президенти Майк Пенс Жакынкы Чыгышка январь айында бармай болду.

XS
SM
MD
LG