Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Ак үй киберчабуулду Түндүк Кореядан көрдү


Вашингтон быйыл май айында болгон глобалдык киберчабуулдун артында Түндүк Корея турган деген жыйынтыкка келди. Анда "WannaCry" аттуу вирус ондогон өлкөлөрдүн мамлекеттик мекемелериндеги компьютерлерди иштен чыгарган. АКШ президентинин жардамчысы Том Боссерт "Wall Street Journal" басылмасына 18-декабрда курган маегинде бул вирус миллиардаган доллар чыгымга учуратканын жана ал үчүн түздөн-түз жоопкерчилик Түндүк Кореянын мойнунда экенин айткан.

12-майда болгон ири киберчабуулдан 150 өлкөдөгү 200 миңге жакын жеке адам жана компания зыян тарткан.

Вирус компьютерге кирип, андагы файлдардын баарын жашырып, аларды калыбына келтириш үчүн компьютердин ээсинен электрондук акча - биткоин талап кылган.

Вирус негизинен "Windows" программалык камсыздоо системасынын жаңыланбаган версияларын бутага алган.

XS
SM
MD
LG