Бүгүн, 19-декабарда Брюсселде Европа Биримдиги менен Кыргызстан эки тараптуу мамилени бекемдөөгө багытталган кызматташтык жана өнөктөштүк жөнүндө жаңы макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады. Алгачкы сүйлөшүүнү ЕБ тарабынан Орусия, Чыгыш өнөктөштүгү, Борбор Азия боюнча тышкы байланыш департаментинин директору Люк Девинь, Кыргызстан тараптан тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиев баштады. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Быйыл ноябрь айында Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча Жогорку комиссары Федерика Могерини Бишкекке келип, Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев жана жаңы шайланган өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушкан.
"Менин жакында Бишкекте болгон иш сапарымда Кыргызстандын жетекчилиги реформа жүргүзүү боюнча дымактуу программасын көрсөтүп, демократияны бекемдөө ниетин билдирген. Ал мамлекеттик башкаруудагы ачыктык менен натыйжалуулукту арттыруу, жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү планын айткан. Биздин өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча тереңдетилген макулдашуу бул аракеттерди колдоого шарт түзөт жана саясий, экономикалык байланышты бекемдейт", - деп билдирген Могерини сүйлөшүүнүн катышуучуларына жазган катында.
Кызматташуу боюнча буга чейинки макулдашуу 1999-жылы түзүлгөн. (КЕ)