Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

Кыргызстанга киргизилбеген Крис Риклтон адвокат жалдады


Крис Риклтон.
Крис Риклтон.

Кыргызстандан депортацияланган “Франс-Пресс” агенттигинин кабарчысы Крис Риклтон анын укугун коргоп жана Кыргызстанга кайра кирүүсүнө аракет кылышы үчүн адвокат жалдады. Бул тууралуу Риклтон өзү “Азаттык” радиосуна кабарлады. Ал эмне себептен өлкөгө киргизилбей калганы боюнча Тышкы иштер министрлигинен дагы эле жооп ала электигин билдирди.

- Менин атымдан Кыргызстандагы мекемелерге кайрылыш үчүн адвокатка ишеним кат керек экен. Ошол документтерди Кыргызстанга, жактоочуга жөнөтүп жатам. Айрым депутаттар УКМКга кайрылышкан. Азыр жооп күтүп жатабыз. Үй-бүлөм Кыргызстанда. Бул жерде дагы кызык учур болуп жатат. Мени депортация кылып жиберишкенине карабай эгер кызым мага, Казакстанга келсе анын өлкөдөн чыгышына менин уруксатым керек. Бул дагы татаал жагдай болуп атат.

Соңку жети жылдан бери Кыргызстанда жашап, иштеп келген Риклтон 9-декабрда Кыргызстандын чек арасынан киргизилбей Дубайга депортацияланган. Аны Дубай аркылуу Коломбодон келген учурда Бишкектеги "Манас" аэропортунда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери өлкөгө киргизбей коюшкан. УКМК "Крис Риклтон Кыргызстанга буга чейин виза режимин бузганы үчүн киргизилген эмес" деп билдирген.

Риклтон Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетинде да окутуучу болуп эмгектенет. 2015-жылдан бери “Франс-Пресс” агенттиги менен кызматташып, Кыргызстанда өткөн Көчмөндөр оюндарын чагылдырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG