Линктер

бейшемби, 13-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 17:40

НТС каналына юрист чакырылды


НТС каналынын кызматкерлери мекемени камакка алуу аракети болуп жаткандыктан юрист чакырышты. Бул тууралуу каналдын журналисти Азият Жекшеев билдирди.

НТС каналынын кызматкерлери 19-декабрда кечке жуук сот аткаруучулар барып, эфирди токтотууну жана имаратты жабууну талап кылып жатышканы жазылган видеону да Интернетке жүктөшкөн.

Каналдын программалык продюсери Каныбек Асанкары уулу келген кишилер эфирди токтотууну талап кылышканын "Азаттык" радиосуна айтып берди.

Азырынча сот аткаруучулар кандай көрсөтмөнүн негизинде барышканы боюнча расмий маалымат бериле элек. Жогорку Соттун басма сөз кызматы окуянын чоо-жайы боюнча тактап, маалымат берилерин билдирген.

Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматтары бул окуядан кабарсыз экенин айтышты.

"Азаттыктын" кабарчысы НТСтин имаратына барды, бирок милиция ага ичкери кирүүгө уруксат бербей жатканын кабарлады.

НТС каналы саясатчы Өмүрбек Бабановго таандык экени айтылат. Буга чейин каналга таандык "Санжыра" радиосу лицензиясы узартылбаганы үчүн эфирин токтоткон.

Быйыл 4-ноябрда конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга чакырык таштоо жана улут аралык кастыкты козутуу боюнча Башкы прокуратура Бабановго каршы кылмыш ишин козгогон. Буга Бабанов президенттикке ат салышкан учурда Оштун Он-Адыр конушунда сүйлөгөн сөзү негиз болгон. (SE\KE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG