Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:53

НТСти сотко берген аял телеканалдын имаратына келди


НТС телеканалын сотко берген аял.
НТС телеканалын сотко берген аял.

Өзүн тааныштыргысы келбеген аял журналисттерге учурда НТС телеканалынын мүлкүн эсептөө жүрүп жатканын, телеканалдын ишин токтотуу аракети жок экенин билдирди:

- Мүлк-жабдыктарды эсептеп өткөрүп алуу процесси жүрүп жатат. Телеканалдын ишине эч тоскоолдук жок. Сот аткаруучулар өз ишин бүтүргөндөн кийин, иш кадимкидей жүрө берет. Силерге "телеканалды жабуу аракети жүрүп жатат" деп туура эмес маалымат берилген.

Ал кандай арыздын, кайсы сот чечиминин негизинде мындай иш-аракет жүрүп жатканын айтуудан баш тартты. Ал бул маалыматты НТС кызматкерлеринен алууну сунуш кылды.

Кийинчерээк НТС телеканалынан көрсөтүлгөн Бишкек район аралык сотунун аныктама кагазында бул "Grexton Capital LTD" компаниясынын өкүлү Елена Дзимидович экени жазылган.

НТС каналынын кызматкерлери 19-декабрда кечке жуук сот аткаруучулар барып, эфирди токтотууну жана имаратты жабууну талап кылып жатышканы жазылган видеону да Интернетке жүктөшкөн.

Каналдын программалык продюсери Каныбек Асанкары уулу келген кишилер эфирди токтотууну талап кылышканын "Азаттык" радиосуна айтып берди.

Азырынча сот аткаруучулар кандай көрсөтмөнүн негизинде барышканы боюнча расмий маалымат бериле элек. Жогорку Соттун басма сөз кызматы окуянын чоо-жайы боюнча тактап, маалымат берерин билдирген.

Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматтары бул окуядан кабарсыз экенин айтышты.

Быйыл 4-ноябрда конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга чакырык таштоо жана улут аралык кастыкты козутуу боюнча Башкы прокуратура Бабановго каршы кылмыш ишин козгогон. Буга Бабанов президенттикке ат салышкан учурда Оштун Он-Адыр конушунда сүйлөгөн сөзү негиз болгон. (ZKo)

НТСти сотко берген аял аты-жөнүн айтуудан баш тартты
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:16 0:00

XS
SM
MD
LG