Линктер

шаршемби, 15-август, 2018 Бишкек убактысы 15:47

НТСтин жетекчилиги бүгүнкү окуяны телеканалды жабуу аракети катары баалады


Жайнак Үсөн уулу.

Мындай пикирин телеканалдын башкы директору Жайнак Үсөн уулу 19-декабрда кечке жуук өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди. Анын сөзү боюнча, район аралык соттун аныктамасында телеканалдын бардык мүлкү камакка алынганы, анын ичинде имарат, жабдыктар жана радиожыштыктар да бар экени көрсөтүлгөн.

-Ушундан улам бул жерде түздөн-түз сөз эркиндигине басым кылуу болуп жатат. Анткени НТС өлкөдөгү алдыңкы канал болуп саналат. Муну акыркы иликтөөлөр да далилдеп турат - деди ал.

Жайнак Үсөн уулунун айтымында, соттун аныктамасында "Grexton Capital LTD" жана "Аянт" ЖЧКсы сотко даттануучу, ал эми НТС телеканалы үчүнчү тарап болуп көрсөтүлгөн. Анын сөзүнө караганда, буга чейин бул компаниялардан эч кандай билдирүү келип түшкөн эмес:

- Соттук доо арыз түрүндө да, же алдын-ала маалымдоо түрүндө да биздин уюмга карата арыз-доомат алган эмеспиз. Бул жерде бир гана себеп - НТСти жабуу.

Телеканалдын юристи райондук соттун аныктамасы менен НТСтин обого чыгышына тыюу салынарын билдирди. Телеканалдын жетекчилиги соттун аныктамасын жокко чыгарууга аракет кыларын маалымдады.

Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматтары бул окуядан кабарсыз экенин айтышты.

Учурда НТС телеканалы обого чыгып жатат. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG