Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:48

Трамптын кеңешчиси Орусиянын жоруктарына каршы турууга үндөдү


Герберт Макмастер.
Герберт Макмастер.

Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Макмастер Батыш Орусиянын "туруктуулукту бузган жоруктарына" каршы турушу зарыл деп эсептейт. Анын сөзү боюнча, Москва ачык жана эркин коомчулукту үзгүлтүккө учуратыш үчүн "татаал өнөктүктөрдү" жүргүзүп жатат.

Макмастер 19-декабрда ВВС менен болгон маегинде айткандай, Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүү мүмкүнчүлүгү улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет:

- Мен Орусия биздин демократиялык институттарга, жараяндарга, анын ичинде шайлоого болгон ишенимбизге таасир этиш үчүн ичибизден бөлүп-жаруучу, өтө татаал өнөктүк жүргүзүп жатат деп эсептейм.

Герберт Макмастер 2016-жылы АКШда болгон президенттик шайлоодо Орусия анын саясатынын эки тарабына тең кийлигишкен деген пикирде. Анын айтымында, Москва ашынган оңчулдарды да, солчулдарды да колдоого алышы мүмкүн.

АКШнын улуттук коопсуздук боюнча жаңы стратегиясында Орусия менен Кытай "Американын коопсуздугуна жана өнүгүшүнө бүлүк салыш үчүн өлкө бийлигине каршы чакырык таштоого" аракеттенген атаандаш күчтөр катары сыпатталган.

XS
SM
MD
LG