Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:06

Маммүлк фондунун мурдагы жетекчиси "Идеал Хаус" боюнча маалымат берет


Максим Бакиевге тиешелүү экени айтылып жүргөн "Ideal hause" шаарчасындагы үйлөр. 30-октябрь, 2015-жыл.
Максим Бакиевге тиешелүү экени айтылып жүргөн "Ideal hause" шаарчасындагы үйлөр. 30-октябрь, 2015-жыл.

Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков 20-декабрда Максим Бакиевге таандык экени айтылып жүргөн коттеждердин сатылышы боюнча түшүндүрмө бермекчи. Бул тууралуу фонддун өкүлдөрү кабарлашты.

Башкы прокуратура "Бишкектеги "Идеал-Хаус" шаарчасынын мыйзамдуу же мыйзамсыз сатылышын аныкташ үчүн 18-декабрда кылмыш ишин козгогон.

Мекеменин басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдиргендей, иш Кылмыш кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 307-беренеси ("Лицензиялык уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу") боюнча иликтенүүдө.

Быйыл күздө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттедж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылганы айтылган. Аукционду коомчулукка белгисиз "ВостокТехКомплект" компаниясы уткан.

Бул мүлктүн сатылышы боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мыйзамсыз иштер бар экенин, ага өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашканын да жазган. Андан соң премьер-министр чуулгандуу "Идеал хаус" шаарчасына байланышкан видеороликти жана андагы маалыматтарды териштирүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылган.

Башкы көзөмөл органы иликтөөдө журналист келтирген маалыматтар такталбаганын билдирүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG