Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Президент Жээнбеков БУУнун баш катчысынын өкүлүн кабыл алды


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Улуттар Уюмунун баш катчысынын атайын өкүлү, БУУнун Борбор Азиядагы аймактык борборунун башчысы Наталья Герман менен жолугушууда аймактагы суу-энергетикалык кызматташтык, туруктуулук жана коопсуздук маселелери боюнча сөз болду.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы окуялар учурунда БУУнун Кыргызстанга көрсөткөн жардамын баса белгилеп, ыраазылыгын билдирди:

- Алдыда биз чече турган маселелер көп. Кыргызстан аймактагы бардык маселелерди коңшулар менен чогуу талдап чечүүгө даяр. Акыркы жылда көптөн бери чечилбей келген маселелерди чече алдык. Өзбекстандын президенти менен жолугушууларыбыз өз ара түшүнүшүү менен өткөнү кубандырат.

Улуттар Уюмунун өкүлү өз кезегинде Борбор Азияда аймактык кызматташтыкты бекемдөөгө шарт түзүүчү жакшы жылыштар болуп жатканын белгилеп, аймактагы мамлекет башчыларынын аракети менен ар кандай маселелер жакшы жагына чечилерине үмүттөнөрүн айтып кетти.

Бул тууралуу президенттик аппаратын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG