Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Алмамбет Шыкмаматов сот чечимине нааразы


Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов өзүнө карата чыгарылган Биринчи Май райондук сотунун чечими менен макул эмес экенин "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Мен шаардык сотко кайрылам. Анткени, тергөө, сот, прокуратура баары бир команда экени көрүнүп калды. Тергөөнүн уятын чыгарбаш үчүн, башкы прокурордун туура эмес иш козгогонун жокко чыгарбаш үчүн сот алардын абийирин жаап, мени айыптап койду. Чындык орносо менин эч кандай күнөөм жок, ал жерде кылмыш курамы эмес, кылмыштын өзү жок.

Биринчи Май райондук соту 19-декабрда Шыкмаматовду 5 млн. сом айыпка жыккан. Аны менен кошо соттолуп жаткан Германиянын жараны, "Барат-Юкс" ишканасынын жетекчиси Али Юксел кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен толук бошотулду. Экөө тең эркиндикте калды. Ал эми мурдагы депутат Жусуп Иманалиевди үй-мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратты.

13-декабрдагы отурумда прокуратура Шыкмаматовду сегиз жылга камап, мүлкүн конфискациялоону сураган.

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен алынган материалдардын негизинде Алмамбет Шыкмаматовго, Эсеп палатасынын мурдагы аудитору, экс-депутат Жусуп Иманалиевге жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге быйыл 17-февралда Кылмыш кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") боюнча иш козгогон.

Тергөөнүн маалыматында "2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын-ала сүйлөшүп өз аялына таандык "Мерседес-Бенц" Е320 автоунаасын 14 миң 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашканы" айтылат. Германиянын жараны Али Юксел жетектеген "Барат Юкс" ишканасы Эсеп палатасына кызматтык унаа сатыш үчүн тендерге катышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG