Тегерек үстөл Ош шаарында өтөт. Иш-чара "Аялдар жана кыздар - тынчтыктын жана туруктуулуктун жолчулары" деген долбоордун алкагында уюштурулууда.
Тегерек үстөлгө жергиликтүү бийликтин, жарандык коомдун өкүлдөрү, диний чөйрөдөгү кыз-келиндер, облустук казыяттын башчылары катышат. Ошондой эле Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын аймактагы өкүлдөрү, экстремизмдин алдын алуу боюнча эксперттер да чакырылган.
Иш-чаранын уюштуруучусу, "Мутакалим" коомдук уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызынын "Азаттыкка" айтканына караганда, талкуунун максаты - кыз-келиндер жана жаштар арасында диний радикализмдин алдын алуу.
Тегерек үстөлдө аялдардын жана жаштардын радикалдашуусунун себептерин аныктоо, анын алдын алуу, тиешелүү чара көрүү боюнча жарандык коомго жана бийлик ээлерине сунуштар айтылат.
Кыргызстанда аялдардын жана жаштардын диний радикалдашуусу жөнүндө Сириядагы согуш башталгандан кийин көбүрөөк айтыла баштаган. Коопсуздук кызматтарынын маалыматы боюнча Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандыктар 500дөн ашуун. Алардын 140ка жакыны аял, 100гө жакыны балдар. Ушул убакка чейин согуш талаасында 92 кыргызстандык мерт болгон.(ZKo)