АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын чечими президент Трамптын мөөнөтүндөгү республикачылардын алгачкы жеңиши катары бааланууда. Долбоорго 227 конгрессмен "макул", 203ү "каршы" добуш берди.
Сенатта добуш берүү жакынкы сааттарда болгону жатат. Добуш берүүнүн алдында узак саатка созулган дебаттар болушу мүмкүн.
Республикачылар салыктардын азайышы экономиканын өсүшүнө шарт түзөрүн айтышууда. Реформа жүргүзүү 2018-жылы ноябрда боло турган өткөөл шайлоодо Өкүлдөр Палатасында жана Сенатта көпчүлүктү сактап калууга мүмкүнчүлүк берүүчү маанилүү кадам болуп калышы ыктымал.