Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Сот департаменти НТС телеканалы боюнча түшүндүрмө берди


Сот департаментинин маалымат катчысы Назира Сагыналиеванын "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, 19-декабрдагы НТС телеканалына барган сот аткаруучулардын аракети «Grexton capital LTD» компаниясынын доо арызы боюнча чечимди аткарууга байланыштуу:

- НТС телеканалынын мүлкүн камакка алуу - аны сактап калуу аракети. Бул аны башка бирөөлөр пайдаланып кетишинен сактайт. Сот аткаруучулар телеканалдагы мүлктү каттап, аны жоопкерчилик менен башкарып кете ала турган тарапка ишенип, өткөрүп бериш үчүн барышкан. Белгилеп кетчү нерсе - бул НТС телеканалын рейдерлик жол менен басып алууга, тартып алууга жатпайт.

19-декабрда НТС телеканалынын имаратына сот аткаруучулар келип, эфирди токтотууну жана имаратты жабууну талап кылышканын телеканалдын кызматкерлери Интернетке жазышкан. Каналдын жетекчилиги сот аткаруучулар менен сүйлөшкөндөн кийин, 20-декабрда саат 11ге чейин соттук аныктама менен таанышып чыгууга уруксат алышкан.

Бишкектеги район аралык соттун аныктамасында «Grexton capital LTD» компаниясы менен "Аянт" ишканасы доогер тарап, ал эми НТС телеканалы үчүнчү тарап болуп көрсөтүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG