Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталган Карганбек Самаков 10 жылга камалды. Мындай чечимди 19-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарып, мурдагы депутат ошол жерден камакка алынганын "Азаттык" радиосуна анын уулу Аман Самаков билдирди.
Чечимге ылайык, 2010-2011-жылдагы муныпыс эрежеси менен Самаковдун жаза мөөнөтү үчтөн бир бөлүккө кыскарат. Мүлкү конфискацияланып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги камакта өтөйт.
Экс-депутат менен кошо анын уулу Кубанычбек Самаков, санаалаштары деп айтылган Эрнис Койчуманов, Урмат Нурдинов, Абай Таштанбеков, Аликбай Сариев сегиз жылга камалышты. Мунапыс эрежеси менен жаза мөөнөттөрү үчтөн бир бөлүккө кыскарат.
Судья Дамирбек Назаров кесилгендер күчөтүлгөн тартиптеги абакка камаларын белгиледи.
Ушул ишке тиешеси бар деп мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын иниси Жаныбек Бакиев да 10 жылга сыртынан соттолушту.
Кылмышка тиешеси бар деп айыпталган экс-премьер-министр, парламент депутаты Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевге 5 миллион сом айып пул салынды.
Аларга 2008-жылы Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган деген айып тагылган. Иш Кылмыш кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") менен ачылган.
Соттолгон тарап өздөрүн күнөөсүз экенин айтып жүрөт. Алардын жакындары эми жогорку инстанцияга кайрылмакчы. (SE)