Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

НТС телеканалына прокуратура өкүлдөрү барышты


НТС телеканалына бүгүн прокуратура кызматкерлери барышты. Алар сот аткаруучулар менен кошо келип, маселенин чоо-жайын түшүндүрүп жатышат.

19-декабрда НТС телеканалынын имаратына сот аткаруучулар келип, эфирди токтотуусун жана имаратты жабууну талап кылышканын телеканалдын кызматкерлери билдиришкен.

Каналдын жетекчилиги сот аткаруучулар менен сүйлөшүүлөрдөн кийин, 20-декабрда саат 11ге чейин соттук аныктама менен таанышып чыгууга уруксат алышкан.

Бишкектеги райондор аралык соттун аныктамасында «Grexton capital LTD» компаниясы менен "Аянт" ишканасы доогер тарап, ал эми НТС телеканалы үчүнчү тарап болуп көрсөтүлгөн. Азырынча бул соттук териштирүү боюнча эч бир тарап так маалымат бере элек

НТСтеги азыркы окуялар "Азаттык" радиосунун Фейсбуктагы баракчасында түз көрсөтүлүп жатат.

НТСтин кызматкерлери телеканалдын эфири токтой электигин, азырынча окуянын кандай өңүттө өнүгөрүн билбей турганын айтышты. (SE)

XS
SM
MD
LG