Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Майып балдардын энелери өкмөт башчыга кайрылды


Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелерин бириктирген “Жаңырык” түйүнү премьер-министр Сапар Исаковго ачык кат жолдоду.

Кайрылууда соңку 20 жылда Кыргызстанда майып балдар 1,5 эсе көбөйүп, 30 миңге чукулдаганы, аларды караган энелердин абалы унутта калганы белгиленген. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна сөз болуп жаткан түйүндүн координатору Зайнап Эшмуратова билдирди.

- Жашына карабай, майып балдарды дайыма карап, ден соолугуна кам көрүп туруш керек. Бул милдеттерди аткаруу, өзгөчө эненин дайыма үйдө, баланын жанында болушу үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына да таасирин тийгизет. Майыптыгы үчүн 18 жашка чейин ай сайын төлөнчү 3 миң сом жөлөкпул баланын суроо-талабына ылайык материалдык чыгымдарды жаба албайт. Бала менен отурган энелер мамлекеттин колдоосуна муктаж.

Эшмуратова 10 жылдан бери майып балдарды карап үйдө отурган энелерге айлык чегирип берүү боюнча сунуш айтылганы менен ага көңүл бурулбай жатканын билдирди. Мындан сырткары “Жаңырык” түйүнү “Жөлөкпул жөнүндө” мыйзамды кайра карап чыгууну өтүнгөн.

“Жаңырык” түйүнүнө майып балдардын жана алардын энелеринин укуктары боюнча иштеген 36 коомдук уюм кирет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG