Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Түркмөнстанда президенттин китеби боюнча тасма тартылууда


Түркмөнстандын Дашогуз шаарында өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун китеби боюнча фильм тартылууда. “Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, көркөм тасманы жаратууга жергиликтүү бюджеттик уюмдардын кызматкерлери жардам берип жатышат.

“Түркмөнстан – Улуу Жибек жолунун жүрөгү” аттуу кинофильмди тартуу иштери эки апта мурун башталган.

Жергиликтүү бийлик тасма тартууга көмөктөшүүгө мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин мажбурлап жатканы да айтылууда.

Маалыматтарга караганда, бюджеттик ишканалардын кызматкерлери жүздөн ашуун боз үй тигип, 50дөй төөнү жасалгалап, кар күрөп, тазалык иштерине жооптуу болуп жатат.

Фильм өлкөнүн тарыхый жайларында тартылууда. Мектеп мугалимдеринин биринин айтымында, алар жол чыгымдарын өзүлөрү көтөрүшүүдө. Тасма тартууга жардам берүүдөн баш тарткандарды жазалоо, атүгүл жумуштан бошотуу каралган. Өзүнүн ордуна башка бирөөлөрдү жалдап иштетүүнүн бир күндүк наркы – 40 манат (11,3 АКШ доллары) турат.

Гурбангулы Бердымухамедовдун "Түркмөнстан – Улуу Жибек жолунун жүрөгү" китебинин бет ачары октябрда болгон.

Түркмөн лидери 2017-жылы эле 7 китеп чыгарган.

XS
SM
MD
LG