Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:31

Араванда бир жарым жашар бөбөк автокырсыкта набыт болду


Оштун Араван районунда бир жарым жашар кыз автокырсыктын курмандыгы болду. Облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, аны 19-декабрда кечинде мектеп окуучусу автоунаада сүзүп кеткен. Оор абалда ооруканага жеткирилген бөбөк түндө көз жумду.

Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, иликтөө жүрүп жатат.

Маалыматтарга караганда, баланы коюп кеткен өспүрүм атасынын машинесин айдап жүргөн.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда 5 миңден көп жол кырсыгы катталып, 700дөн ашуун киши жан берди. (SE)

XS
SM
MD
LG