21-декабрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаашы мүмкүн. Жолдорго муз тоңот.. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...+5,
Талас жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз +1...+6,
Баткен, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...-5, күндүз +3...+8.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...+5,
Нарын облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...-8,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18...-23, күндүз -7...-12 градус.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Түнкүсүн -2…-4, күндүз +2…+4 градус болот.