Линктер

дүйшөмбү, 25-июнь, 2018 Бишкек убактысы 00:30

НТС телеканалынын мүлкү каттоого алына баштаганын медиамекеменин юристи Амантур Абдырахманов билдирди.

Бүгүн түш ченде каналдын имаратына сот аткаруучулар менен прокуратура кызматкерлери барышкан. Алар эки сааттай жабык эшик артында сүйлөштү.

- Мүлктү камакка алуу жараяны бүткөн соң аны сактоо милдетин кимге өткөрүп берүү - сот аткаруучулардын укугу. Эгер бизге берсе, андан ары иштей берсек болот. Бирок азырынча кимге берилери айтыла элек. Башкаларга өткөрсө, мүлктү биз колдоно албайбыз. Процедура бүтсө, телеканал жабылып калышы мүмкүн, - деди юрист.

19-декабрда НТС телеканалынын имаратына сот аткаруучулар келип, эфирди токтотууну жана имаратты жабууну талап кылышканын телеканалдын кызматкерлери билдиришкен.

Каналдын жетекчилиги сот аткаруучулар менен сүйлөшкөн соң 20-декабрда саат 11ге чейин соттук аныктама менен таанышып чыгууга уруксат алган.

Бишкектеги район аралык соттун аныктамасында «Grexton capital LTD» компаниясы менен "Аянт" ишканасы доогер тарап, ал эми НТС телеканалы үчүнчү тарап болуп көрсөтүлгөн. Азырынча бул соттук териштирүү боюнча эч бир тарап так маалымат бере элек.

НТСтеги азыркы окуялар "Азаттык" радиосунун "Фейсбуктагы" баракчасында түз көрсөтүлүп жатат.

НТСтин кызматкерлери телеканалдын эфири токтой элек экенин, азырынча окуянын кандай өңүттө өнүгөрүн билбей турганын белгилешүүдө.

Бул телеканал саясатчы Өмүрбек Бабановго таандык экени айтылат. Быйыл 4-ноябрда конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга чакырык таштоо жана улут аралык кастыкты козутуу боюнча Башкы прокуратура Бабановго каршы кылмыш ишин козгогон. Ал президенттикке талапкерлигин коюп, азыркы президент Сооронбай Жээнбековго негизги атаандаш болгон эле.

Юрист Амантур Абдырахмановдун айтымында, НТС каналында 100дөн ашуун кызматкер иштейт. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG