Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:51

БУУнун Башкы ассамблеясы Иерусалим боюнча чукул жыйынга чогулат


БУУнун Башкы ассамблеясынын отуруму. 22-сентябрь, 2017-жыл.
БУУнун Башкы ассамблеясынын отуруму. 22-сентябрь, 2017-жыл.

Адатта сейрек болуучу атайын чукул сессия араб жана мусулман өлкөлөрүнүн өтүнүчү менен 21-декабрга чакырылды.

Палестинанын Улуттар Уюмундагы элчиси Рияд Мансурдун маалыматы боюнча, Башкы ассамблея АКШнын президенти Доналд Трампты Иерусалимди Израилдин борбору катары тааныган чечиминен баш тартууга чакырган резолюция үчүн добуш бермекчи.

Мансурдун айтымында, алар резолюция “басымдуу көпчүлүк добуш” менен жактырылат деп үмүттөнүшүүдө.

БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясы - аткарылышы милдеттүү эмес, бирок саясий салмагы бар документ.

Башкы ассамблеянын алдыдагы жыйынына чейин 18-декабрда БУУнун Коопсуздук кеңешинде президент Трампты Иерусалим боюнча чечимин өзгөртүүгө чакырган резолюция каралганда ага АКШ вето койгон болчу.

АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли "Твиттердеги" баракчасында Вашингтондун Иерусалим боюнча чечимине каршы добуш бере тургандар Америка элинин тандоосуна каршы чыгышарын эскертти.

БУУнун Башкы ассамблеясы чукул жыйынды Коопсуздук кеңеши чечим кабыл ала албай калган учурда чакырат. Буга чейин мындай жыйындар он жолу өткөрүлгөн.

Акыркы ирет ассамблея чукул сессияга оккупацияланган Чыгыш Иерусалим жана палестин аймактары боюнча чогулган. (UE)

XS
SM
MD
LG