Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Атасы тепкен баланын апасы күйөөсүн коргоп арыз жазды


Сөз болуп жаткан видеодон алынган сүрөт.
Сөз болуп жаткан видеодон алынган сүрөт.

Бишкекте эки жашар баласын тепкен Бариер Адиевдин аялы күйөөсүн аталык укуктан ажыратууга каршы экенин билдирген арыз менен кайрылды. Бул тууралуу борбор калаадагы Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Рейна Султанмуратова “Азаттык” радиосуна кабарлады.

- Баланын энеси аталык укуктан ажыратууга каршымын деп арыз жазып кетти. Бала атасына аябай жакын, куса болуп ыйлап, аны сурап жатат, жакшы көрөт деди. Психологдор да иштешти, бала көп деле сүйлөй алабайт экен. Бирок апасы менен сүйлөштүк, эч кандай психологиялык жардамдын кереги жок деп айтып жатат. Окуядан кийин бала бир күн ооруканага жатып чыккан. Дарыгерлер бир нече жолу текшерип, жараат алган деп айтышкан. Бирок апасы көгөргөн жери жок деп жатат.

Султанмуратова үй-бүлө социалдык кызматкерлердин көзөмөлүндө экенин кошумчалады.

Социалдык тармактарда 2-декабрда тайып, жерден тура албай жаткан баланы ичке тепкен адамдын видеосу тараган. Кийин ал киши баланын атасы Бариер Адиев экени, Сокулук райондук бөлүм жетекчисинин орун басар болуп иштей турганы аныкталган. Бул тасма кызуу талкуу жаратып, ал кишини жоопко тартуу тууралуу талаптар коюлган. Эки жарым жаштагы уулун аябаган ата кызматтан бошотулуп, ага карата "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынып. (КЕ)

XS
SM
MD
LG