Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 8 киши ооруканага түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл районунун Корумду айылынын аймагында 2 машине кагышып, 8 адам ар кандай деңгээлде жаракат алган. Алардын бешөө оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганын "Азаттыкка" Ысык-Көл райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиев ырастады. Анын айтымында, жол кырсыгынан жабыркаган 8 киши ооруканага келип түшкөн. Анын бешөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, анын ичинен бирөө абалы оңолуп, башка бөлүмгө которулган. Учурда калган төртөөнүн абалы оор бойдон.

Ысык-Көл райондук милициясынын жол көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Тимур Кадыровдун маалыматында, кырсык бүгүн, 20-декабрда саат 10:00 чамасында Балыкчы-Каракол жолунун 100-чакырымында болгон. Анда карама-каршы келаткан БМВ жана "Ауди 100" үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Учурда тийиштүү экспертизалар жүргүзүлүп, кырсыктын себептери иликтенүүдө. (AsM)

XS
SM
MD
LG