Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

“Хьюман Райтс Уотч” НТС боюнча кырдаалга көз салат


НТС телеканалы жайгашкан имарат.
НТС телеканалы жайгашкан имарат.

Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна адам укуктары боюнча эл аралык уюмдун Кыргызстан боюнча өкүлү Мира Риттманн билдирди:

- Иштин чыныгы себеби ушул тапта такталып жатат, аны алдыңкы күндөрү билебиз деп ойлойм. Бул сот аткаруучулар менен укук коргоо органдарынын аракетинен да көз каранды болот. Эгерде телеканал жабылса, анын себебин так билишибиз керек. Демократиялык коомдо маалымат каражатын жөн эле жаап салуу болбошу керек, ага жол жок. Андыктан бир гана “Хьюман Райтс Уотч” эле эмес, башка дагы укук коргоо уюмдары, медиа өкүлчүлүктөр НТСтин маселеси кандай, эмненин негизинде чечилерине кылдат көз салып турабыз.

Бүгүнтөн тартып НТС телеканалында мүлктү сот аткаруучулар каттоого алып жатканы белгилүү болду.

Медиа мекеменин юристи Амантур Абдырахмановдун айтымында, “бул процедура бүтсө, телеканал жабылып калышы да мүмкүн”.

НТС телеканалынын имаратына сот аткаруучулар алгач кечээ келишкен эле.

Телеканалдын ээси, 15-октябрдагы президенттик шайлоодон соң өлкөдөн чыгып кеткен Өмүрбек Бабанов "Фейсбуктагы" барагына жазган билдирүүдө бул окуяны "телеканалды сотту колдонуп рейдерлик жол менен тартып алуу” деп баалаган.

НТСтин жетекчилиги болсо окуяны “телеканалды жабуу аракети" деп аташкан.

Ал арада НТСке тиешеси бар компанияга каршы сотко доо арыз берген "Grexton Capital LTD" компаниясынын адвокаты Елена Дзимидович бүгүнкү маалымат жыйынында “канал 2010-жылы рейдерлик жол менен басып алынган жана ага Өмүрбек Бабанов аралашкан” деп билдирип чыкты.

Дзимидович аны жалдаган компания телеканалга 2010-жылга чейин салган 2 миллион доллардан ашуун инвестициясын өндүрүп алууну гана көздөп жатканын кошумчалады.

НТС - Кыргызстандагы жеке менчик телеканалдардын эң чоңу. (UE)

XS
SM
MD
LG