Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2021 жума, Бишкек убактысы 20:28

Трамп менен Мирзиёев телефондон сүйлөштү


Шавкат Мирзиёев жана Доналд Трамп.

АКШ менен Өзбекстандын президенттери телефондон сүйлөшкөнүн Ак үй да, Ташкент да билдирди.

Ак үй 19-декабрдагы телефон аркылуу сүйлөшүүнүн максатын “аймактык коопсуздукту талкуулап, кызматташтыктын өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрүн иликтөө” деп чечмеледи.

Алар ошондой эле “Өзбекстандын Борбор Азиядагы ролун, анын ичинде Трамптын Түштүк Азия боюнча стратегиясын, АКШнын Ооганстандагы аракеттерине колдоо көрсөтүүнү талкуулашты", деп айтылат Ак үйдүн билдирүүсүндө.

Ак үй маалымдагандай, Трамп сүйлөшүүдө “Өзбекстан сооданы күчөтүп, террор коркунучтарына каршы коопсуздукту жакшыртууга шарт түзө турган реформа жүргүзүүгө аракет кылып жатканын белгилеген”.

Ал эми өзбек президентинин Интернет барагындагы билдирүүдө Трамп Өзбекстандын “ачык жана конструктивдүү тышкы саясатын, аймактагы коңшу өлкөлөр менен кызматташтык жана достук мамилени өнүктүрүү боюнча жигердүү аракеттерин” кубаттаганы көргөзүлгөн.

Президенттер Доналд Трамп менен Шавкат Мирзиёев быйыл эки жолу: май айында Сауд Арабиясындагы саммитте жана сентябрь айында Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясында жолугушкан. (UE)

Пикирлерди көрүңүз (10)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG