Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Австриянын канцлери антисемитизмге каршы чара көрөт


Себастиан Курц.
Себастиан Курц.

Жаңы дайындалган канцлер Себастиан Курц жаңы өкмөт антисемитизмдин бардык түрлөрү менен чечкиндүү күрөшөрүн билдирди. Ал коалиция антисемитизмдин эски формалары менен кошо мигранттардын еврейлерге мамилесин да өзгөртөрүн белгиледи.

Курц мындан тышкары мигранттардын Европага агылышы кесепетин тийгизерин дагы бир жолу айтты. Анын сөзү боюнча, бул коопсуздукка коркунуч туудурат.

Австрияда 15-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Себастиан Курц жетектеген Элдик партия жеңишке жеткен. Эки айга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин, 18-декабрда Курцтун партиясы ашынган оңчулдардын "Эркиндик" кыймылы менен коалиция түзүп, 31 жаштагы саясатчы өкмөт башчылыкка дайындалды. Ошол эле күнү Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өкмөттөгү Эркиндик партиясынын мүчөлөрү менен байланышты чектеп, канцлер менен түздөн-түз кызматташарын айтып чыккан.

XS
SM
MD
LG