Тегерек үстөлдө жакында болуп өткөн президенттик шайлоо, Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу өлкөнүн жакынкы саясий тагдыры талкууга алынмакчы.
Бул тууралуу талкууну уюштуруп жаткан "Панорама" саясий клубунун өкүлү Эмил Жороев "Азаттык" радиосуна билдирди:
- Президенттик шайлоо, Башмыйзамдын өзгөрүшү, булардын натыйжасында президенттин мансабы кандай? Өзгөртүүлөр саясий күчтөрдүн бөлүнүшүнө жана бийлик бутактарынын өз ара аракеттерине кандай таасир этет? Мына ушул суроолорго жооп издейбиз.
Тегерек үстөл Борбор Азиядагы Америка университетинин имаратында өтөт. Ага саясатчылар, саясат талдоочулар жана башка кызыккан жарандар катыша алат.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда болуп, анда бийликтеги КСДП партиясынын өкүлү Сооронбай Жээнбеков утуп чыккан.
Былтыр 11-декабрдагы референдумдун натыйжасында өзгөртүлгөн Башмыйзам боюнча быйыл 1-декабрдан тартып өкмөт башчы менен Жогорку Кеңештин бир катар ыйгарым укуктары күчүнө кирди. (ZKo)