Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:32

Депутат Искандер Гайпкулов ант берди


Жогорку Кеңештин депутаты Искандер Гайпкулов.
Жогорку Кеңештин депутаты Искандер Гайпкулов.

Бүгүн Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Искандер Гайпкулов ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Эсеп палатасынын мурдагы төрагасы Гайипкулов “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевдин ордуна келди.

1-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатынан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алган. Буга Бишкек шаардык сотунун саясатчыны "Коррупция" беренеси боюнча айыптуу деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан чечими негиз болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG