Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:28

Орусияда кыргыз жараны террорчулук боюнча 12 жылга камалды


Москва шаары.
Москва шаары.

Москва округдук аскердик соту кыргызстандык 23 жаштагы жаранды террорчулук боюнча айыптап, 12 жылга камады.

Орусиянын Киров облустук прокуратурасынын расмий сайты 20-декабрда кабарлагандай, соттолуучу 2016-жылы социалдык желеде "мусулман эместерге" каршы жек көрүүнү туюндурган билдирүүлөрдү тараткан. Экспертиза анын жазуулары кастыкты козутууга багытталганын аныктаган.

"2017-жылдын февраль-март айларында жүк унаасы менен Москванын көчөлөрүндө адамдарга каршы террордук акт жасоону көздөгөнү" айтылат маалыматта. Соттолгон жаранга Орусия Федерациясынын Кылмыш кодексинин терроризмге байланышкан үч беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Сот чечимине ылайык, ал жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт. (SE)

XS
SM
MD
LG