Бүгүн Жогорку Кеңеш Толкунбек Абдыгуловдун Улуттук банктын төрагалыгына талапкерлигин жактырды. Анын талапкерлигин президент Сооронбай Жээнбеков сунуш кылган. Добуш берүүнүн натыйжасында 86 депутат ага "макул" деп добуш берди.
Жогорку Кеңештин депутаттары ага акчанын курсу, экономикадагы реформалар, фискалдык саясат сыяктуу суроолорду беришти. Мындан тышкары, алар бир эле адамды эки айдын ичинде биринчи-вице-премьер, вице-премьер жана кайра Улуттук банктын төрагалыгына сунуш кылып жаткан бийликтин кадр саясатын сындашты.
Толкунбек Абдыгуловду кайрадан Улуттук банктын төрагалыгына дайындоо боюнча сунушту парламенттин Экономика жана фискалдык саясат бөлүмү 19-декабрда жактырган.
Абдыгулов 2014-жылдан 2017-жылдын августуна чейин Улуттук банкты жетектеген. Кийин биринчи вице-премьер болуп, 17-ноябрдан тартып вице-премьер-министр болуп иштей баштаган. Улуттук банкты жетектеп турган Кубанычбек Кулматов быйыл 11-декабрда Бажы кызматына башчы болуп кеткен. (КE)