Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:23

"Нарын" ресторанынын ордуна эмне курулары арсар болуп турат


"Нарын" ресторанынын имараты.
"Нарын" ресторанынын имараты.

Бишкекте ордунан сүрдүрүлгөн "Нарын" ресторанынын ордуна эмне курулары арсар абалда турат. Кытайлык компания ал жерге көп кабаттуу конок үй курат деген маселе чечиле элек. Бул тууралуу "Бишкек башкы архитектурасы" ишканасынын басма сөз катчысы Ринат Шамсудинов "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Бул маселени мэрия жана шаардык кеңеш карап жатат. Акыркы чечим кабыл алына элек. Ал жерге эмне курулары белгисиз. Бирок кандай имарат курулса да, кытайлык ишкана курат.

Бишкекте тарыхый эстелик катары айтылып келген белгилүү "Нарын" ресторанынын имараты октябрдын этегинде бузулган. Анын ордуна кытайлык компания "Хуалинь" деп аталган 20 кабат мейманкана курулары мурда кабарланган.

Учурда жердин аянтына "De He Co LTD" жана "Нарын" ишканалары ээлик кылат.

Мэрия 2016-жылдын 25-октябрында бул имарат архитектуралык эстелик катары макамын жоготкондугу тууралуу токтом чыгарган.

Фрунзе жана Шопоков көчөлөрү кесилишкен жердеги "Нарын" 1980-жылдары белгилүү ресторандардын бири болгон. Кийинки он чакты жылда кароосуз калган.

Буга чейин Экинчи Дүйнөлүк согуштун ардагерлери ал жерди музейге айлантууну сунуш кылышкан.

Имаратты бузбай, Совет доорунун маданий мурасы катары оңдоп, сактоо маселесин Жогорку Кеңештин депутаттары да көтөрүшкөн эле. (SE)

XS
SM
MD
LG