Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Иманалиев: Соттор укуктук эмес, саясий чечим чыгарууга өтүштү


Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамы бекитилип жатканда билдирди. Ал учурдагы эң көйгөйлүү маселе сот органы болуп жатканын айтып, судьяларды тандоонун жаңы критерийлерин иштеп чыгуу зарыл экенин айтты.

- Азыр социологиялык сурамжылоодо элдин нааразы болгону соттор. Эл аралык индексте биз дүйнөдө артка кеттик. Сотко болгон ишеним Африка өлкөлөрүнүн деңгээлине келип калды. Сот Кыргызстандын адамдарынын укугун, кадыр-баркын, өмүрүн коргогон эмес, коркунуч алып келген органга айланып калды. Биз акыркы он айдан бери “Ата Мекендин” депутаттары сотко барып жүрүп эң биринчи көйгөй сот маселеси экенин көрдүк. Соттор укуктук эмес, саясий чечим чыгарууга өтүштү. Биз сотторду тандоонун жаңы критерийлерин иштеп чыгышыбыз керек.

Бүгүн парламент Сотторду тандоо кеңешинин тогуз кишиден турган жаңы курамын бекиткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG