Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Боронов ӨКМ кызматкеринен "тартып алынган үй" боюнча түшүндүрмө берди


Бишкекте курулуп жаткан үйлөрдүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкекте курулуп жаткан үйлөрдүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов "мекеменин кызматкерине берилген үй кайра тартып алынды" деген кабар чындыкка төп келбесин билдирди. Бул боюнча "Азаттык" радиосуна комментарий берген министр:

- Комиссиянын чечиминде ал кызматкерге үй жеткен эмес. Ага турак жай да, ачкычы да берилген эмес, - деди.

20-декабрда "24.kg" агенттиги Бишкектин өрткө каршы кызматында иштеген Назим Муканбетовго Туңгуч кичирайонундагы аскер адамдарына салынган үйдөн бир бөлмө берилгенин, бирок министрдин орун басары Калыс Ахматов ага "жаш экенсиң" деп айтып, ачкычты башка кызматкерге тапшырганын жазган. Маалымат "үйүмдү алып койду" деген кызматкердин кайрылуусунун негизинде чыгарылган.

Министр Боронов мындан улам чогулуш уюштуруп, кабар жазган журналистке жана даттанган кызматкерге так маалымат берилгенин айтты.

Назим Муканбетовго байланышып, бул боюнча комментарий алууга азырынча мүмкүн болгон жок.

Быйыл июнда аталган министрликте иштеген жүздөн ашуун кызматкерге Бишкектен батирлер берилген. (SE\KE)

XS
SM
MD
LG