Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Келдибеков оор атлетика федерациясына президент болуп шайланды


Акматбек Келдибеков.
Акматбек Келдибеков.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков Кыргызстандын оор атлетика федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна федерациянын биринчи вице-президенти Улан Молдодосов кабарлады.

Маалыматка караганда, федерация 19-декабарда жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынын өткөргөн. Анын алкагында уюмдун президенттигине жалгыз талапкер Акматбек Келдибеков көрсөтүлүп, бир добуштан колдоо тапкан. Мындан сырткары аткаруу комитетинин беш мүчөсү, ревизиялык комиссиянын үч мүчөсү шайланды.

Андан тышкары Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев биринчи вице-президент кызматын өз каалоосу менен тапшырып, ага "федерациянын ардактуу президенти" наамы ыйгарылды. Бул орунга буга чейин вице-президент болуп иштеп келген Уланбек Молдодосов келди. Азырынча вице-президенттин орду бош бойдон калды.

Келдибеков оор атлетика федерациясынын жетекчилигине 3-жолу шайланып жатат. Алгачкы жолу ал бул кызматка 2009-жылы, андан кийин 2012-жылы шайланган. Федерациянын президенти 4 жылдык мөөнөткө шайланат. (КЕ/ECh)

XS
SM
MD
LG