Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

АКШда ИМ тобун колдоо боюнча айыпталган казакстандык соттолду


Сайдахметовдун сотунда тартылган сүрөт.
Сайдахметовдун сотунда тартылган сүрөт.

Нью-Йорк соту "Ислам мамлекети" (ИМ) экстремисттик тобуна колдоо көрсөтүү боюнча айыпталган Казакстандын жараны Ахрор Сайдахметовду 15 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу шаршембиде Нью-Йорктун чыгыш округунун прокуратурасы билдириди.

Маалыматка караганда, Сайдахметов «ИМдин атынан жихад жасоо максатында Сирияга барууга аракет кылгандыгы үчүн» соттолду. Ал Сирияга барбай калса, «Кошмо Штаттардын укук коргоо органдарынын кызматкерлерине» чабуул коюуга ниеттенип жүргөн.

Жаза мөөнөтү аяктагандан кийин ал мекенине депортацияланат.

22 жаштагы Сайдахметов 2015-жылы февралда Жон Кеннеди аэропортунан Стамбулга учарда кармалган. Тергөө ага чейин шектүү кутумдун болжолдуу катышуучусунан Сирияда курал-жарак сатып алууга жана жол чыгымдарына акча алган деп жарыялаган. Алгач айыптоону четке каккан Сайдахметов кийин күнөөсүн моюнуна алган.

Мурдараак бул иш боюнча болжолдуу кутумдун башка катышуучуларына дагы айып тагылган. Алардын арасында өзбек тектүү эки жаран болгон.

XS
SM
MD
LG