Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:18

"Freedom House" уюму "Zanoza" жана НТС боюнча тынчсыздануусун билдирди


Эл аралык "Freedom House" уюму "Zanoza.kg" сайтына жана анын негиздөөчүлөрүнө карата сот чечимин "саясий жана адилетсиз" деп баалады. Бул тууралуу уюмдун Евразия программасынын директору Марк Брендттин билдирүүсү 20-декабрда чыкты.

Ал "мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди" деп журналисттердин ири өлчөмдө доого жыгылганын кыргыз бийлигинин сын айткандардын оозун жабуу аракети катары баалады.

Марк Брнедт НТС телеканалынын мүлкү камакка алынышын да буга мисал келтирген.

"Zanoza.kg" сайтын негиздеген "ПроМедиа" фонду жана анын түзүүчүлөрү Нарын Айып менен Дина Маслова жалпысынан 27 миллион сом доого жыгылышкан. Мындай чечим алгач Бишкектин Октябрь райондун сотунда чыгып, Жогорку сот да аны күчүндө калтырган.

Аларга карата кылмыш иши "ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди" деген негизде Башкы прокуратура тарабынан ачылган.

Жарандык активисттер сот чегерген сумманы топтоо акциясын уюштуруп жатышат.

20-декабрда болсо сот аткаруучулар НТС телеканалынын мүлкүн камакка алышкан. Буга мурда бул медиа мекемеге инвестиция салганын билдирген уюмдун арызы негиз болгон.

Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана адам укуктарынын абалы боюнча 20-декабрда "Human Rights Watch" уюму да президент Сооронбай Жээнбековго кат жолдоду.

XS
SM
MD
LG