Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:37

Австралияда унаа чабуулунан 13 киши жараланды


Окуя болгон жер.

Австралиянын Мельбурн шаарында белгисиз бирөө автоунаасы менен жөө жүргүнчүлөрдү сүздүрүп, кеминде 13 киши жарадар болду.

Жолтандабас шаардын борбордук бөлүгүндө, жол жээгинде бараткан адамдарды сүзгөндөн кийин аялдамага урунуп токтогон. Бул учурда ошол Флиндерс көчөсүндө Рождество майрамына байланыштуу эл көп болчу.

Полиция унаанын айдоочусу жана дагы бир адам кармалганын маалымдады. Азырынча шектүүлөрдүн тек-жайы, окуянын чоо-жайы, терроризмге байланышы бар-жогу аныктала элек.

Медициналык тез жардам кызматы айрым жарадарлардын абалы оор экенин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG