2012-жылдан ушул убакка чейин коррупциялык кылмыштарга байланыштуу жалпысынан 6425 кылмыш иши козголгон. Мамлекеттин андан тарткан чыгымы миллион сомго бааланууда. Андан тышкары, соңку алты жылда тартип коргоо жана сот органдарынын 900дөн ашуун кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылса, алардын 62си судьяларга байланыштуу. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Башкы прокуратуранын өкүлү Тилек Сарбагыш уулу билдирди.
Кыргызстанда "соттор коррупциялашкан, аткаруу бийлигине көз каранды" деген дооматтар көптөн бери эле айтылып келет. Сот реформасы 2010-жылдагы апрель ыңкылабынын башкы талаптарынын бири болгон. Бүгүн парламент жыйынында “атамекенчи” депутат Каныбек Иманалиев Кыргызстанда эң көйгөйлүү маселе сот органы болуп жатканын айтып, судьяларды тандоонун жаңы критерийлерин иштеп чыгуунун зарылдыгын белгиледи.
Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоо алдында өткөн теледебатта Кыргызстанда өлкө казынасын уурдаган 35 коррупционер бар экенин айтып, аларды тактыга отурары менен "кустурарын" жар салган. (КЕ/UEz)