НТС телеканалы жана анын кызматкерлери кадимки тартипте иштеп жатышат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна телеканалдын башкы директору Жайнак Үсөн уулу кабарлады. Анын айтымында, НТС жакынкы убактарга пландаштырган долобоорлорун ишке ашыра берет.
- Кеңседе телеканалдын мүлкүн каттоо бүткөн соң алар кайра мага ишеним түрүндө башкарууга акт менен өткөрүп беришти. Кызматкерлер мурдагы тартипте иштеп жатат. Жакынкы күндөргө пландалган долбоорлорду график боюнча аткара беребиз. Айлык боюнча кыйынчылык жаралбайт.
19-декабрда НТС телеканалынын имаратына сот аткаруучулар келип, эфирди токтотууну жана имаратты жабууну талап кылышканын телеканалдын кызматкерлери билдиришкен. Каналдын жетекчилиги сот аткаруучулар менен сүйлөшкөн соң 20-декабрда саат 11ге чейин соттук аныктама менен таанышып чыгууга уруксат алган. Кийинчерээк НТС телеканалынын жетекчилиги Бишкектеги район аралык сотко кайрылган.
20-декабрда телеканалдын мүлкү катталып, камакка алынган. Жайнак Үсөн уулу буга телеканалдын банктагы эсептерине тиешеси жоктугун билдирди.
Бишкектеги район аралык соттун аныктамасында «Grexton capital LTD» компаниясы менен "Аянт" ишканасы доогер тарап, ал эми НТС телеканалы үчүнчү тарап катары көрсөтүлгөн. (КЕ)