Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 19:09

Муканбетов: министрликтен берилген үй мага тийиши керек эле


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине берилген үй боюнча мекеменин кызматкери Назим Муканбетов “Азаттык” радиосуна пикирин билдирди. Ал үй алуу боюнча чечим анын наамына чыгып, бирок буйрук чыкканга чейин министрликтин башка кызматкерине берилип кеткенин айтты.

- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бухгалтери менин алдымда тизмеде бар болчу. Бирок ал Оштогу жерин сатканы ачыкка чыгып, беш жылга артка жылып калган. Ага мыйзам боюнча берилбеши керек эле. Батир андан кийинки кезекте турган мага берилсин деген чечим чыккан. Бирок буйрук чыкканга чейин баарын алмаштырып министр, министрдин орун басарлары кийлигишип башка кызматкерге берип коюп жатат. Аскер прокуратурасы ӨКМ мыйзамсыз бөлүштүргөн деген чечим чыгарган. Азыр мени күнөөлүү кылып жатышат.

20-декабрда "24.kg" агенттиги Бишкектин өрткө каршы кызматында иштеген Назим Муканбетовго Туңгуч кичирайонундагы аскер адамдарына салынган үйдөн бир бөлмөлүү батир берилгенин, бирок министрдин орун басары Калыс Ахматов ага "жаш экенсиң" деп айтып, үйдү башка кызматкерге тапшырганын жазган.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов "мекеменин кызматкерине берилген үй кайра тартып алынды" деген кабар чындыкка төп келбесин билдирди. Боронов мындан улам чогулуш уюштуруп, кабар жазган журналистке жана даттанган кызматкерге так маалымат берилгенин “Азаттык” радиосуна айткан.

Назим Муканбетов өзү таратылган маалыматтын айынын кызматтан алынышы ыктымал деп чочулап турганын билдирди.

Быйыл июнда аталган министрликте иштеген жүздөн ашуун кызматкерге Бишкектен батирлер берилген. (SE\KE)

XS
SM
MD
LG