Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Бир жылда темир жол кырсыгында тогуз киши көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги кабарлагандай, Кыргызстанда 2017-жылдын башынан бери темир жолдо адамдар менен байланыштуу 89 кырсык катталды. Андан тогуз киши жашоо менен кош айтышты. Он бир адам оор жараат алды.

"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынын басма сөз кызматы мындай маалыматты бышыктады. Ошондой эле темир жолдо бир жылда 8 жолу автоунаа кырсыгы катталганын, 150 жолу мал-жандыктарды поезд уруп кеткенин билдирди. Андан 19 жаныбар өлгөн.

Аталган мекеменин адистери темир жолдогу кырсыктардын көбөйүшүн Бишкекте эл жана автоунаалар көбөйгөнүнө байланыштырышат. Алар жөө жүргүнчүлөрдүн, айдоочулардын темир жол тосмолорундагы эрежелерге көп учурда баш ийбей жатышканын да белгилешет.

XS
SM
MD
LG